Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьяларынын курамы алмашты

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге 8-июнда Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьяларынын кызматына дайындоо үчүн 16 талапкер боюнча сунуш киргизген. Бул тууралуу 12-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

9-10-июнда мамлекет башчы бул талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрдү. Мамлекеттик органдардан алынган түрдүү маалыматтар менен колдо болгон материалдарды талдоонун жыйынтыгында жана алардын ар бири менен аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын эске алып, мамлекет башчы сунуш кылынган 4 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди жана 12 талапкер боюнча бул кеңештин сунуштарына макул болду.

Ушуга байланыштуу Атамбаев 12-июнда 4 жарлыкка кол койду.

Биринчи жарлык менен сынак менен тандалган 12 талапкер, Конституцияга ылайык, белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалышты: Эльмира Барыктабасова, Кунтуган Доспаева, Жылдыз Жумабаева, Сыргак ЖумадыловЧынара Ибраева, Таалайкүл КадыркуловаКубанычбек КасымбековФеликс Осмонов, Аниса РыспековаБакыт СыгынбаевАида Сейдакматова жана Бактыбек Сыдыгалиев.

Экинчи жарлык менен дайындалган жогорудагы 12 судья Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жөнөтүлдү.

Үчүнчү жарлык менен Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьяларынын азыркы курамы толугу менен (9 адам) судьялык кызматынан бошотулду: Гүлзамира Аденова, Авчи АлиевТаалайбек БайсеитовМарат Жээналиев, Таалайкүл КадыркуловаСейтек КоңурбаевАниса Рыспекова жана Аманбек Сариев.

Төртүнчү жарлык менен сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьяларынын кызмат ордуларына дайындалгандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун эки судьясы кызматынан бошотулду: Кубанычбек Касымбеков жана Бакыт Сагынбаев.

Жарлыктарга ылайык, судьяларды дайындоо, жөнөтүү жана бошотуу 2015-жылдын 16-июнунан тартып ишке ашырылат.

Сынактык тандоонун жыйынтыгында Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьялар корпусу жаңыланды. Жаңы курамдын катарына штат боюнча мурда иштеген 16 судьянын үчөө өттү, жаңы 9 судья келди, анын бешөө мурда сот системинде иштеген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан