Өкмөт башчы Токтогул районуна иш сапары менен жөнөп кетти
Өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн, 13-июнда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна иш сапары менен жөнөп кетти. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Сариев Токтогул ГЭСинин иши жана андагы суунун көлөмү менен таанышат. Ошондой эле энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөрөт. Андан сырткары Сариев Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги суу сактагычты көрөт.