2015-жылга бекитилген бюджетте жылуулук энергиясын субсидиялоого 1 миллиард 138 миллион сом каралган. Жыл башынан бери иш жүзүндөгү каржылоо 1 миллиард 117,2 миллион сомду түздү. Каржы министрлигинин маалымат кызматы бул каражат ушул жылга бекитилген бюджеттин 98,2 пайызын түзөрүн билдирди. Чыгымдардын багыттары жана отунду жеткирүүчүлөр боюнча жылуулук энергиясын субсидиялоого республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүү "Кыргыз турак жай-коммуналдык бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын компетенциясына кирет.
Андан тышкары өкмөттүн 2015-жылдын 25-майындагы “2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилдерине Кыргыз Республикасынын калкынын жана экономика тармактарынын даярдыгы жөнүндө” токтомуна ылайык, жылуулук энергиясын компенсациялоого 500 миллион сом каралган.
Ошондой эле 2015-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорунда "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жылытуу сезонуна катуу отунду камдоосуна 350 миллион сом суммасында бюджеттик ссуда каралган.