Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети
Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" КРнын мыйзамынын аткарылышына текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат угат. Ошондой эле жыйында Башкы прокуратуранын "Кыргыз агрардык өнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ААК жана “Кыргызайылтехсервис лизинг компаниясы” ачык акционердик коомунун мыйзам бузуу фактылары менен козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жыйынтыктары жөнүндө жана Мамлекеттик каттоо кызматы, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагындагы эсепке алынбаган жерлерди инвентаризациялоо маселеси боюнча маалыматтары угулат. Бул маселе боюнча депутаттардын суроолоруна башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов жооп берет.