14-июнь - Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнүнө карата ИИМдин Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кан тапшырышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.
“Өмүрлөрдү бирге сактайбыз” акциясынын алкагында тапшырылган кандар түрдүү кырсыктарда жабыркагандар, оор жаракат же күйүк алгандар, операция жасалган жана канга муктаж адамдардын керегине жарайт деп ишенет уюштуруучулар.