Бүгүн, 15-июнда президент
Алмазбек Атамбаев Ош облусуна бир күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, өлкө башчы Ош шаарында Коргоо министрлигине караштуу Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери үчүн салынган көп кабаттуу үйдүн ачылыш аземине катышат. Андан кийин Ноокат районундагы 2 оорукананын абалы менен таанышып чыгат.