Кыргыз парламенттик делегациясынын Казакстандагы иш сапары башталды

Бүгүн, 15-июнда ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков жетектеген Жогорку Кеңештин делегациясынын Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Кабибулла Жакуповдун чакыруусу менен Казакстан Республикасына болгон сапары башталды. Кыргыз парламентинин делегациясын Казакстан Республикасынын парламентинин төрагасынын орун басары Сергей Дьяченко менен Мажилистин Экономикалык реформалар жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү Избак Умурзаков тосуп алды. 
Делегация иш сапардын алкагында Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Кабибулла Жакупов, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Касым-Жоомарт  Токаев жана Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлчүлүк палатасынын Төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушары пландалган. Ошондой эле Казакстан элдеринин ассамблеясынын 20 жылдыгына арналган «Казакстандын жолу: Биримдик. Патриоттуулук. Реформалар» аталышындагы эл аралык конференцияга катышышат.

А.Жээнбеков баштаган кыргыз парламентинин делегациясынын иш сапары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Казакстан Республикасынын парламентинин ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык кеңештин биринчи жыйынынын алкагында өтүүдө. Тараптар Парламенттер аралык кеңештин түзүлгөнү тууралуу келишимге кол коюшат.

Иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин делегациясы Эл аралык «Астана ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнө карата даярдык менен таанышып, Астана шаарындагы кыргыз диаспорасы менен жолугушмакчы. Жогорку Кеңештин делегация курамында «Республика» фракциясынын лидери Максат Сабиров, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Жоомарт Сапарбаев, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин мүчөсү Майрамкүл Тиленчиева жана Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү Азамат Арапбаев бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан