Анда социалдык педагогдор бул жаатта иш алып барып жатышканын, бирок балдарды тарбиялоодо мектеп мугалимдерине кайсы бир деңгээлде кошумча түйшүк жаралып жатканы айтылды.
Ош шаарындагы №52-мектептин директору өз сөзүндө балдардын жүрүм-турумуна массалык коммуникациялар чоң таасир берерин айтты. Ал адамдарды сыйлабоо, зомбулук тууралуу көрүнүштөр өспүрүмдөргө үлгү болуп жатканын белгилеп өттү. "Маданият жана ММКлар мектептеги балдарды тарбиялоого көмөктөшүүсү керек. Азыр заман башка, балдар да башка. Аларга массалык коммуникациялардын берген таасири эффективдүү",- деди ал.