Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 75 жылдыгы белгиленди

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 75 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева катышканын өкмөттүн маалымат кызматы 15-июнда билдирди. 

Ниязалиева өкмөттүн атынан аталган университеттин ректорун жана жалпы жамаатты куттуктап, бул окуу жай мыкты базага жана республикада тийиштүү абройго ээ экендигин кошумчалады. "Ысык-Көл мамлекеттик университети жүздөгөн кесипкөй кадрларды жана таанымал инсандарды тарбиялап чыгарган окуу жай болуп эсептелет. Биз бул университеттин таанымал бүтүрүүчүлөрүн сыймыктануу менен атай алабыз. Бүгүнкү күндө мында 15ке жакын докторлор жана профессорлор, 10го жакын илимдин кандидаттары, доценттер эмгектенүүдө. Ал эми 2012-жылдан тарта болондук билим берүү тутуму боюнча окутуу башталган, анда окутуу бакалавриат жана магистратура деңгээлине бөлүштүрүлгөн. Жалпысынан алганда мыкты кадрларды даярдоо боюнча активдүү иш жүрүүдө", - деди вице-премьер-министр.

Аталган окуу жай 1992-жылы университет макамына ээ болуп, ага кыргыз мамлекетинин филология илимин негиздеген, коомдук ишмер жана агартуучу Касым Тыныстановдун ысымы ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан