КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев адам өмүрүн алган суу каптоого байланыштуу Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвилиге көңүл айтты. Бул тууралуу 15-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан суу каптоодон набыт болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ошондой эле жаракат алгандардын тезирээк айыгып кетишин каалап кетем" деп айтылат мамлекет башчынын билдирүүсүндө.
Эске салсак, 13-июнь күнү Грузиянын борбор калаасы Тбилисиде катуу жааган жамгырдан Вере аттуу ири дарыя ташкындап, андан 12 адам каза болду. Чет өлкөлүк маалымат каражаттары суу ташкындын кесепетине кабылган дагы 10го чукул адамдын дайынсыз болуп жатканын жазып чыгышты.