Коргоо министрлигинин ардагерлери: "Каржы министрлиги ар бирибизге 1996-жылдан бери 111,5 миң сом карыз"

"Каржы министрлиги ар бирибизге 1996-жылдан бери 111 840 сом карыз". Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда эски аянтта митингге чыккан Коргоо министрлигинин ардагерлеринин төрагасы Анвар Сатаров билдирди. Анын айтымында, учурда Каржы министрлиги акчаларды мыйзамсыз бөлүштүрүүдө.
"1996-жылдан бери аталган министрлик ИИМдин ардагерлеринин ар бирине 44 миң сом, ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пенсионерлерине 2010-жылдан бери 76 800 сомдон карыз. Жалпы карыз 3 миллиард сомду түзөт. Бул акчалар өз ээлерине качан тиери белгисиз. Ардагерлердин айрымдары акчасын албай эле каза болуп калып жатышат",- дейт ардагер.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан