Бишкекте төрт эмдин ата-энесине батирдин ачкычы тапшырылды

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурдин Тынаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын салтанаттуу түрдө тапшырып, Зарнаевдердин үй-бүлөсүн куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

"Сиздер балдарыңыздарга кыргыз элине белгилүү болгон инсандардын ысымын ыйгардыңыздар, балдарга узун өмүр, ден соолук жана кыргыздын эр-азаматтарынан болушун каалап, атына жараша татыктуу тарбиялап өстүрүшүңүздөргө тилектешмин. Үй-бүлөңүздөргө ынтымак жана бактылуу жашоо каалайм!"- деди мэриянын аппарат жетекчиси.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев төрт эмдин ата-энесинин үй маселесин чечүү максатында өзүнүн фондунан 2 миллион сом бөлүп берип, Бишкек шаарынын аймагына үй салып берүү маселесин көтөрүп, тапшырма берген. Бирок Зарнаевдердин үй-бүлөсү Бишкек шаарынан шарттары менен жабдылган батир сурагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарындагы Туңгуч кичи районунда жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн биринен 2 бөлмөлүү, аянты 70 чарчы метр батирди сунуштады.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 100 миң сом сүйүнчү берилип, азыркы учурда үй-бүлө Октябрь райондук администрациясынын көзөмөлүнө алынган.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 9-апрелинде Эне жана баланы коргоо улуттук перинаталдык борборунда төрт эм төрөлгөн. Аларга Алмазбек (президенттин урматына), Асылбек, (ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбековдун урматына), Кубанычбек (Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовдун урматына) жана Камчыбек (Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башчысы Камчыбек Узакбаевдин урматына) деген ысымдарды ыйгарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
maksnarin
2015-06-15 11:47:55
Омурлуу болушсун-()(! Эми буга да жазбаныздар жаман созунорду,жакшылык кылган мамлекет адамдарына ырахмат гана айтыш керек!
+9
Gamze90
2015-06-15 11:48:43
Балдарынын жамандыктарын корушпосун. Ыйманду мээримдуу балдардан болушсун.
0
Akshumkar
2015-06-15 11:54:31
оууу мына сага бешик боонор бек болсун
0
Bors
2015-06-15 12:02:23
Хотя Бактыгул камчыбек кызына да бир болмолуу батир бериш керек.
+3
sladkaja_konfetka
2015-06-15 13:02:15
Ооба, 3 эм торогон келиндин материалдык абалы оор экен...
+10
nazi25
2015-06-15 13:27:42
Эки комната кичинелик кылбайбы?
-1
nusichka
2015-06-15 13:41:38
ушуга да шугур деш керек
+3
Bors
2015-06-15 18:52:20
nazi25, сенин тууганын эмеспи случайно?
-1
ailam14
2015-06-15 13:41:08
Омурлуу балдардан болушсун
0
Aksy-13
2015-06-15 13:42:26
менчик болуп берилсинда качандыр бир убакта кайра алып койбой
0
Elya20
2015-06-15 13:54:04
Бактыгуль жалгыз бой эне эч кимиси жок ошого да жок дегенде 1 болмолуу уй беришсин
+2
mirana9395
2015-06-15 14:22:40
Ыймандуу балдардан болуп чонойушсун
0
Ayka1994
2015-06-15 16:24:48
Акыл- эстуу , ыймандуу, билимдуу- илимдуу ,тапкыр мыкты уулдардан болуп чоноюп оссун. Жакшы аттарды коюшуптур Азаматсыздар! Бешик боонуздар бек болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан