"Кээ бир адамдар элди улут эмес, уруусуна чейин бөлүп-жарып жатат. Алар, чындыгында, кыргыз элинин душмандары" деди президент

Бүгүн, 15-июнда Ош шаарында президент Алмазбек Атамбаев аскер кызматкерлерине жаңы салынган үйлөрдүн ачкычтарын тапшырып жатып балдарга кичинекейинен баштап кандай тарбия берүү керектигин айтты. "Балдарды көзүн, чачын карап бөлбөгөндөй кылып өстүрүш керек. Кыргыз эли - көп улуттуу эл, элибиздин өзөгү - кыргыздар. Жакшылык болсо сүйүнөбүз, жамандык болсо жооп беребиз. Муну унутпагыла. Кыргыз жараны элди улутка бөлбөшү керек. Азыр кээ бир адамдар улут эмес, аймак, аймак эмес, уруусуна чейин бөлүп-жарып жатат. Алар, чындыгында, кыргыз элинин душмандары",- деди президент.

"Биздин күчүбүз биримдикте. Жалаң эле тышкы коркунучтар эмес, ички коркунучтар абдан маанилүү болот. Биздин негизги байлыгыбыз - элдин ынтымагы. Муну сакташыбыз керек",- деп баса белгиледи Атамбаев.

Айта кетсек, Ош шаарындагы Батыш кичи районунда көп балалуу жана көп жылдар бою аскер кызматын өтөгөн аскер кызматкерлерине эки турак үй салынды. Жалпысынан бул үйлөрдө 80 батир бар: 60ы - 1 бөлмөлүү, 20сы - 2 бөлмөлүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан