Интернетте "Народный" дүкөнүнүн кассири кардарды алдап, 500 сомдой ашыкча эсептегени тууралуу айтылган видео тарады
Интернеттеги социалдык тармактарга "Народный" дүкөнүнүн кассири кардарды алдап, 500 сомдой ашыкча эсептегени тууралуу божомол айтылган видеожазуу тарап, анын айланасында кызуу талкуу жүрүүдө. Видеожазууда кардар дүкөндөн соода кылгандан кийин чекте өзү алган азык-түлүктөрдөн башка товарлар да бар экенин байкап калганы айтылат. Анда 631 сомго соода кылынып, 475 сомго ашыкча эсептелген. Алардын арасында 2 кофени 3 банка кофе, 3 "Кока-Коланын" ар бирин экиден деп эсептеп, үстүнө дагы 275 сом кошулуп, жалпы 1105 сом болгону айтылат. Кызматкер чындап алдаганы же жаңылышып калганы азырынча белгисиз. Бул окуя боюнча аталган соода үйүнүн өкүлдөрүнө байланышканыбызда окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын билдиришти.
Бул тасманын тараганына коп болду! Бул кыздын бетти абдан катуу калын экен. Уялбай эсеп кылганы!
-2
Uli6886
2015-06-15 15:03:06
Суротто эмнеге кыздын бетин жабып койгон??? Видеодо бир жакшына болуп корунуп туратго? Жакшынай эле коздоу бар экен балбылдап)))))
+1
Sake80
2015-06-15 15:17:46
Адашып эсептеп алса керек.Атайлаганда деле озунун чонтогуно тушпойт да.
+11
aziko88
2015-06-15 17:49:32
Sake80, оа менда кассир болуп иштейм адашып каласын.
+1
Mr.enriiko
2015-06-15 15:32:45
Байкуш адашып басып алганда. Анан орусча тушундуро албай потеря болуп калганы корунуп турбайбы. Тиги ажылдап жатса. Менде деле болгон Акуновскийдин Народныйынан бир натур.сок бир нан алсам 470 сом деп эсептеп салып айтып тушундургом 135 сом болот деп. Аа кечирип коюнуз деп кечирим сураган комп.тан ката кетиптир деп.
+7
Mr.enriiko
2015-06-15 15:33:40
Кыргызча суйлош керек ошон учун.
+5
saru
2015-06-15 15:58:42
Урматтуу туугандар биринчиден "Народныйда"атайын орнотулган 1с программасы эсептейт.Ошондой эле ар бир кассанын кыймылы видео козомолдо турат.Адашып алышы мумкун,себеби ал жерде тартип катуу сатуучулар коркушат.
+8
Ayka1994
2015-06-15 16:20:13
Жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт дейтго. Байкуш кыз аран эле суйлоп ататго аркы аял аны ажандап жеп койоюн дейтго тобаа
+3
advert
2015-06-15 16:56:35
алдаган эмес, ашыкча коп создорду кошосунар да. интрига болсо эле болду! жон эле случайно басылып кетти, кантип алдасын ушул кыз. алдаган акчаны деле ала албайт озу. корунуп эле турат го.
+4
Aika96
2015-06-15 17:27:42
Бул жерде кассир кыздын куноосу жок, кассада иштегендер билсе керек менин курбу кызым да кассир болуп иштейт ар бир товарды компьютерге киргизет да иштрих коду менен ошондо баасы 120 сом болсо 420 деп ката киргизип койсо кассадан ошол баа чыгат.Бул жерде товардын бааларын компьютерге, 1С программага киргизген адам куноолу.
+4
gogi55
2015-06-15 17:59:29
кыз адащканы корунуп туратко эгерде адашып 500сом ашыкча берип алса ушинтип ажылдап уруша беле ашыкча берип койдун деп ;-)
+4
paula.90
2015-06-15 18:24:24
Кассир куноосун билип аткандан кийин ажылдабай жай айтып тушундурсо болбойбу деймда,аны коркутуп озун корсотом дегенго,бироого чеги жок кыйкырып ажылдаган адам,озу да ошонун акыбалына тушмой сайын олбойт,деген хадисте бар!
+6
kobra86
2015-06-15 21:49:21
ой Народный дукону озу баш болуп алдайт мен оззум бир жолу ушундай окуяга кабылгам
-2
nurzada78
2015-06-16 01:37:42
Случайно кошулуп калган болсо,кассадан минус болду анда,байкуш кыз жаныдан эле жумушка орношкон окшойт!
+1
sobr_89kG
2015-06-16 11:18:19
Адашып калган ана аял ажаан катынго
+1
jarkyn_jakta_jasha
2015-06-16 13:16:07
клиент аял болушунча ушл кассир кыздан жинин чыгарып алыптыр... бул видеону интернетке таратып не кылат десен...байкуш кыз... мен озум кассир болуп иштейм. иште ар кандай ситуация болот да, аябай эле ажаан аял го... албетте кассир кыз деле бир аз внимательный болуш керек эле
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.