Бүгүн, 15-июнда Ош шаарында президент Алмазбек Атамбаев аскер кызматкерлерине жаңы салынган үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземине катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ал аскер кызматкерлерине кайрылып, мына буларды айтты:
"Жигиттерге айтар элем, жубайыңарды сыйлап жүргүлө. Жубайыңарды жөн эле сыйлабай, жардам берип тургула. Канча чарчап келсеңер да, үйдө ынтымак болуш керек. Чындыгында, аял кишинин иши көрүнбөгөнү менен, абдан чоң. Жакшылап үйдө отуруп карап көрсөңөр, аял киши кандай гана иш кылбайт. Бизге го көрүнбөйт, шыпырып коёт, булгап коёбуз. Идиш-аякты жууп коёт, кайра булгап коебуз. Бирок, чындыгында, аял кишинин ишиндей ишке темир чыдабайт, бузулуп калат. Мисалы, чаң соргуч аласыңарбы, кийим жуугуч буюм аласыңарбы, ал көп чыдабай, 4-5 жылда бузулуп калат. Аялдарыбыз, апаларыбыз 70-80 жашка чейин талыкпай эмгектенишет. Ошондуктан дайыма аларды сыйлап жүргүлө, анткени ырыс алды - ынтымак".
Андан соң ал "Бакыт эмнеде?" деген суроого жообун айтты. "Эгер ишке барууну каалап жатсаң, иштен чыккан соң үйгө баргың келсе, ошондо бактылуу болосуң. Эгерде ишке баргың келбесе же үйгө баргың келбесе, анда кыйын болот. Ошондуктан жакшы кызмат өтөп, үй-бүлөңөр менен жакшы жашагыла. Балдарды окуткула. Биздин келечек билимде. Ким билимдүү болсо, ал өзүн багып кетет",- деп өз оюн бөлүштү Атамбаев.
Айта кетсек, аскер кызматкерлери үчүн салынган эки турак үйдө жалпысынан 80 батир бар, алардын 60ы - 1 бөлмөлүү жана 20сы - 2 бөлмөлүү.