Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы оорукананын неврология бөлүмүн оңдоо үчүн 29 миллион сом керектелет

Ноокат районундагы Зулпуев айыл аймагында жайгашкан оорукананын неврология бөлүмү капиталдык оңдоого муктаж. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Асамидин Марипов 15-июнда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бөлүмдүн имараты көп мезгилден бери пайдаланылбай, канализация системи, электр энергия жабдуулары толук бойдон жараксыз абалда турат. Имаратты оңдоодон өткөрүү үчүн, Ош шаардык долбоорлоо институтунун аныктоосуна ылайык, 29 миллион сом керектелет. 
Белгилей кетсек, аталган бөлүм 1981-жылы курулуп, 1998-жылга чейин пайдаланылган. Ал 50 орунга ылайыкташтырылган. 2011-жылы катуу жааган жамгырдан имараттын жер төлөсүнө суу кирип, имараттын бир жак дубалы чөгүп, айрым бөлмөлөр жараксыз болуп калган.   
Айта кетсек, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев аталган оорукананын абалы менен таанышууга келет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adil706070
2015-06-15 16:32:03
ондоо учун
0
saulet2009
2015-06-16 10:52:57
Ондоо учун ошончо кетсе,андан корокту жаны эле салышпайбы ошол акчага.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан