Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 14-июнда "Ак-Жол" көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун туристтик мезгилге даярдыгын текшерүүгө алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Көзөмөлдөө учурунда аныкталгандай, постто “экологиялык чогултуулар” киргизилген соң, аймакка кирүүчү унаалардын, анын ичинде чет элдик унаалардын кирүүсү азайгандыгы байкалган.
Вице-премьер-министр белгилегендей, кыргыз мамлекети туристтик тармакты өнүктүрүүгө багытталган өлкө катары бардык күч-аракетин туристтерди тартуу үчүн жумшоосу керек. “Учурдагы “экологиялык чогултууларды” жүргүзүү эрежелерин кайрадан карап чыгуу зарыл”,- деген тапшырманы койду вице-премьер-министр.
Ошондой эле Маматалиев "Ак-Жол" көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун аймагындагы унаа токтотуучу жайлардын каралбагандыгын сынга алды. “Кыргызда “эшигин көрүп, төрүнө өт” деген макал бар. Мен мындан биз тууралуу чет элдик туристтер кандай пикирде калып жаткандыгы тууралуу жыйынтык чыгаруудамын. Сооданын тийиштүү жерлерде жүргүзүлбөгөндүгү жана автоунаалар үчүн токтотуучу жайлардын каралбагандыгы сыяктуу маселелердин тез арада көзөмөлгө алынышы кажет”,- деп билдирди вице-премьер-министр жана бир жумалык мөөнөттө алардын чечилиши боюнча так жоопторду берүүнү тапшырды.