Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, мамлекеттер ортосундагы алакаларды арттыруудагы орчундуу маселелер боюнча пикир алышты.
Жээнбеков Казакстан кыргыз мамлекети үчүн негизги стратегиялык өнөктөш экенин, эки элдин тамыры, тарыхы, дини, тили бир экенин айтты. А.Жээнбеков Казакстан тышкы соода жүгүртүүдө да кыргыз мамлекети үчүн орчундуу орунду ээлей турганын баса белгиледи. “Казакстан кыргыз жери үчүн тышкы экономикалык байланыш жаатындагы негизги соода өнөктөшү болуп саналат. Товар жүгүртүү боюнча Орусия, Кытайдан кийинки орунда турат”,- деп белгиледи төрага.
Бардык маанилүү тармактар боюнча кызматташууну канааттануу менен белгилеп, кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулуу процессинде Казакстан колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Жээнбеков кесиптешин келишимди тезирээк ратификациядан өткөрүүгө чакырды.
Жакупов мамлекеттер жана парламенттер аралык мамилеге оң баасын берип, кандай гана маселе болбосун тараптар кеңешип, бирдиктүү позицияны тутунуп келгенин айтты. “Биз бир тууган элбиз. Сиздин иш сапар менен келгениңиз биздин карым-катыш жогорку деңгээлде экенин ырастайт”,- деди К.Жакупов. Ал ЕАЭБ боюнча келишимди ратификациялоону тездетүүгө аракет кыларын кошумчалап, көтөрүлгөн маселелерди чечүүнү жеке көзөмөлүнө аларын баса белгиледи.