8 айдан бери жетекчисиз турган Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп Чынара Адамкулова дайындалды. Маалыматты SUPER.KG порталына аталган окуу жайдан билдиришти. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Темир Сариев кол койгон.
Эскерте кетсек, аталган окуу жайдын ректорун шайлоо былтыр 18-октябрда өткөн. Анда талапкер Алтай Бөрүбаев алдыга чыккан эле. А.Бөрүбаев 214 добуш алса, экинчи орунду (161 добуш) КУУнун Кыргыз-Кытай институтунун директору Болот Токтобаев, үчүнчү орунду (153 добуш) окуу жайдын Кыргыз-Европа факультетинин деканы Чынара Адамкулова ээлегени жарыяланган. Бирок шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтышып айрым талапкерлер сотко арызданышкан. Соттук териштирүүлөргө байланыштуу окуу жай жарым жылдан ашык ректорсуз калды.