Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде жаңыдан иштелип чыккан КРнын Бюджет кодексинин долбоору экинчи окууда каралып, аны 2015-жылдын 15-сентябрында кайрадан кеңири талкуулоо чечимине келди. Каржы министри Адылбек Касымалиев бюджет долбооруна экинчи окуунун жүрүшүндө 262 сунуш келип түшкөнүн, күзгө чейин ал сунуштар дыкат каралып чыгарын билдирди.
Өкмөттүн берген маалыматына караганда, бюджеттик каржы мамилелерин жөнгө салган мыйзамдар буга чейин чачкын болуп келгендиктен, бюджет мамилелерине байланыштуу мыйзамдар кайрадан ыраатташтырылып, бирдиктүү бир Бюджет кодексине топтоштуруу зарылдыгы келип чыккан. Ал аркылуу өлкөнүн жалпы каржы тартиби жөнгө салынып, бүтүндөй бюджет тутуму уюштурулуп, бюджет аралык мамилелердин укуктук негиздери аныкталат.
Эске салсак, Бюджет кодексинин долбоору 2012-жылдан тартып Жогорку Кеңештин депутаттар тобу жана өкмөт тарабынан өз-өзүнчө даярдалып, андан соң биргелешип түзүлгөн жумушчу топ тарабынан кайрадан иштелип чыккан. Ал долбоор 2014-жылдын июнь айында Жогорку Кеңеш тарабынан каралып, анын концепциясы биринчи окууда жактырылган.
Буга чейин эки жолу – 2000-жылы жана 2006-жылы мамлекеттик бюджет мамилелерин жөнгө салууга багытталган бирдиктүү Бюджет кодексин иштеп чыгуу аракеттери болгон, бирок аягына чыкпай келген. Бюджет кодекси кабыл алынып калса, мамлекеттик бюджет мамилелерине байланыштуу 16 улуттук мыйзамдын жоюлушу күтүлөт. Азыр алардын өзөгү бирдиктүү Бюджет кодексинин өзүндө камтылууда.