Социалдык өнүктүрүү министрлиги 2002-жылдын 17-18-мартындагы Аксы окуясында жабыр тарткан адамдардын жөлөк пулун 3700 сомго чейин көтөрүү чечимине келди. Бул тууралуу мекеменин статс-катчысы Бактыбек Жекшенов Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 15-июндагы жыйынында билдирди. Ал үчүн "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизүү зарыл.
Өкмөттүн маалыматына караганда, социалдык акыйкаттуулукту камсыз кылууга багытталган бул жөлөк пул эң төмөнкү киреше көрсөткүчүнөн 3 эсе жогору өлчөмдө белгиленүүдө. Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылып, парламенттин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.