Чынара Адамкулова көрсөтүлгөн ишенимди аткарууга бардык аракетин жумшай турганын убада кылды.
Эскерте кетсек, аталган окуу жайдын ректорун шайлоо былтыр 18-октябрда өткөн. Анда талапкер Алтай Бөрүбаев алдыга чыккан эле. А.Бөрүбаев 214 добуш алса, экинчи орунду (161 добуш) КУУнун Кыргыз-Кытай институтунун директору Болот Токтобаев, үчүнчү орунду (153 добуш) окуу жайдын Кыргыз-Европа факультетинин деканы Чынара Адамкулова ээлегени жарыяланган. Бирок шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтышып айрым талапкерлер сотко арызданышкан. Соттук териштирүүлөргө байланыштуу окуу жай жарым жылдан ашык ректорсуз калды.