"Мектептердеги класстардын ашыкча толушу билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизет",- деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева 15-июнь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагындагы №88-орто мектептин мугалимдери менен жолугушуу учурунда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда мугалимдер билим берүү жаатында орун алган бир катар көйгөйлөрдү көтөрүп, айрыкча башталгыч класстардын ашыкча толушу билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизе турганын айтышты. "Бир класста 40 окуучу болсо, алардын ар бири менен иштешүү кыйын",- дешип, башталгыч класстын окуучулары мугалимдер менен жекече иштешүүгө муктаж экенин айтышты.
Андан сырткары мугалимдерди окуучулардын дептерин текшерүү төлөмүнүн аздыгы да тынчсыздандыра турганы, ал үчүн маянасына 22 сом гана кошулары белгилүү болду. Ошондой эле алардын мектептерге көчмө медициналык комиссия уюштурулса деген тилеги бар. Алар медициналык комиссиядан өтүү үчүн райондун борборуна барууга аргасыз. Мындан сырткары мугалимдер акы төлөөсүз көчмө тестирлөөнү уюштуруп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
Депутат А.Алтыбаева айтылган маселелерди тиешелүү министрликтерге жеткирерин билдирди.