Түштүк Кореяда өлүмгө жеткирүүчү MERS вирусунан набыт болгондордун саны 19 адамга жетти

Түштүк Кореяда өлүмгө жеткирүүчү MERS вирусун жуктуруп алгандардын саны учурда 150дөн ашты. Бул тууралуу 16-июнда чет элдик маалымат каражаттары жарыялашты. Ал эми бул дарттан 19 адам каза болгону айтылды. Учурда 10 миңдей адам карантинде, бирок өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы бул илдет басаңдап калганын билдирүүдө. Ошол эле учурда 2 миңдей мектеп ачылды. 
Аталган вирус Түштүк Кореяда мындан үч жыл мурун катталган. Бул жугуштуу илдетке айрыкча кант диабетине чалдыккандар, өпкө оорулары менен жабыркагандар жана иммунитети начар болгон адамдар тез кабылышат да, вирус аба аркылуу жугат. Өзгөчө адамдардын ички дем алуу органдарын жабыркатат. 
Ал эми кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы аталган өлкөдө жашаган кыргыз жарандары бул ооруга чалдыкпаганын билдирүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан