Президент 5-июнда төрөлгөн үч эмге жардам берди

Президент Алмазбек Атамбаев 5-июнда төрөлгөн үч эмге жардам берди. Бул тууралуу 16-июнда SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында, 14-июнь күнү мамлекет башчы үч эмди жарыкка алып келген Бактыгүл Камчыбек кызына жардам катары өз каражатынан 100 миң сом бөлүп берген. 
Буга чейин кыргыз өкмөтү да аларга жардам катары 100 миң сом которуп берген. 
Кошумчалай кетсек, Бактыгүл Камчыбек кызы бир уул жана эки кызды 5-июнда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жарыкка алып келген. Ушул эле күнү саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жаш эненин жардамга муктаж экенин айтып чыккан. Министрдин айтымында, үч эмдин энеси кош бойлуу учурунда жолдошу менен ажырашып кеткен. Андан кийин кайын журту кабыл албай, Бишкекке келген. Борбордо өзүнүн туугандары жок болгондуктан, мечиттердин биринде баш калкалап келген. 
"Барарга жерим жок" дейт үч эмдин энеси
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
asyl81
2015-06-16 11:09:36
кудай каалабаса учту эмес бирди торой албайсын!
+4
Arslana
2015-06-16 11:38:00
Классно! Мен дагы эгиз хочууууу...
+4
insta-kg
2015-06-16 11:38:29
Аман болушсун!
0
Bors
2015-06-16 12:57:55
Эми квартирада берсе экен жок дегенде 1 болмолуу. Милиция аскерлерге да Бекер берип атышпайбы.
+4
Shanson
2015-06-16 12:58:22
Жакшы иш! Журт атасы деген ушундай болот да.
-1
semakg
2015-06-16 13:59:15
Оруссияда калктын санын кобойтуу учун 2балалуу уй булого мамлекет 550мин рубль берет. Мейли алар бай бирок бизда калктын санын кобойтуу учун жок дегенде эгиз 2-3-4ту торогондорго олко башчылары жардам берсе. Кыргыз элине аябай дем бермек. Мындайлар минден бир торолот.
0
admin_portal
2015-06-16 14:06:08
Жеке айтышуу иретинде жазылган, адамдын өздүгүнө асылган билдирүүлөрдүн баары өчүрүлдү!
Азырынча баарыңарга оозеки эскертүү! Дагы кайталанса узак убакытка порталдан четтетилесиңер.
0
kama_future_millioner
2015-06-16 14:42:36
Бактыгулдун апасына да,жолдошуна да соз жок эми.Балдарын менен аман бол,бактылуу бол!!!
0
kama_future_millioner
2015-06-16 14:48:49
Бактыгулго жардам берген Зарина эжесине жана окмотко рахмат.озунун апасы жана наристелердин атасы карамагына ала алышпаса да,башка эле элдер конул бурушуптур.
0
Nadya_90
2015-06-16 16:11:08
Жардам берели дегендер бул жакка келсеңер:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=88623
0
Aseltay
2015-06-16 17:04:03
Апасына кайрылат элемда канткендеда оз кызыныз жардамынызды аябан неберелериниз куноолуу эмесго(ар кимдин созуно кирбей журогунузду угун)эми деле кеч эмес оз кызыныз м-н катташыныз
+1
FIRDAUS
2015-06-16 17:28:52
Президент жардам берди десе квартира берген экен деп ойлоптурмун.
+1
antiwithin14
2015-06-16 23:10:44
Ширинтайлар, омурун берсин кудайым.
Боорукер, кайрымдуу инсандардын билдируулорун окуп коздон жаш айланды.
Бириксек колдон келет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан