Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун курулушун улантууга Кытайдан насыя алуу боюнча документтерге кол коюлду

Кыргыз мамлекети "Жибек жолу экономикалык шакекчесин" түзүү демилгесин колдойт жана аталган долбоорду ишке ашырууга катышууга даяр. Муну вице-премьер-министр Валерий Диль Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү Мэн Цзяньчжу менен жолугушууда билдиргенин бүгүн, 16-июнда өкмөттөн кабарлашты. "Кыргыз тарап өз ара түшүнүшүү жана достукка негизделген мамилени жогору баалайт жана бул мамилени тереңдетүүгө бардык аракетин жумшайт",- деп билдирди Диль. 
Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду: 
1. Кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы Кытайдан кыргыз мамлекетине жеңилдетилген насыяларды берүү жөнүндө алкактык макулдашуу. 
2. Кыргыз мамлекетинде Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолун куруу долбоору боюнча (Арал-Казарман тилкеси) каражат алуу боюнча өкмөттүк макулдашуу.
3. Кыргыз мамлекетинде Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолун куруу долбоору боюнча (Арал-Казарман тилкеси) жеңилдетилген насыя алуу боюнча кредиттик макулдашуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан