Министрлик: "Картошка, капустанын арзандашы чек арадан көз каранды эмес"

Өлкөнүн айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев кыргыз-казак чегиндеги "Ак-Тилек" өткөрмө чек ара постунан биздин дыйкандар өндүргөн жашылча-жемиштер кандай өткөрүлүп жатканына жеринде күбө болду. Министрдин орун басарынын иш сапарында маалым болгондой, документтери бардык талаптарга жооп берген ишкерлер ташыган айыл чарба продукциялары эч тоскоолдуксуз коңшу мамлекеттерге өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы 16-июнда билдирди. 
Чодуев Баткен жана Араван районундагы дыйкандар маалымдап жаткан картошканын, капустанын арзан баада сатылышы Бажы кызматынын ишинен көз каранды эмес экенин билдирди. Бажы, Чек ара кызматынын билдиришинче, "Ак-Тилек" чек ара постунан күнүнө 100гө жакын оор жүк ташуучу унаалар 30-40 тонна жүгү менен Казакстанга өтүүдө.   
Эскерте кетсек, буга чейин Баткен облусунун жана Араван районунун дыйкандары өндүргөн картошка, капусталардын баасы чек арадагы тоскоолдуктардан улам түшүп кеткени боюнча Айыл чарба жана мелиорация министрлигине кайрылышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ormon
2015-06-16 12:09:48
Тажикстанды жаап салса баары ордунда болот дыйкандар жакында митинг откоруго дайарданып жатыптыр казак туугандардын границасы ачык деп койушот дагы жаап салгыла тажиктердин границасын Озубуздун дыйкандар жашылчаларын сатып алышсын кридит деген нерселери бар ойлонуп иш жургузгуло ойлонуп жазгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан