Жогорку Кеңештин комитети альтернативдик аскердик кызматты өтөгөн жаранга укук коргоо жана прокуратура түзүмдөрүндө кызмат кылууга уруксат берди

Альтернативдик аскердик кызматты өтөгөн жаранга укук коргоо түзүмдөрүндө кызмат кылууга уруксат берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин жыйынында талкууланды.

Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, учурдагы мыйзамга ылайык, жарандар КРнын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарында аскердик кызмат же запастын офицерлеринин программасы боюнча даярдыкты өтөбөсө, ал КРнын Куралдуу күчтөрүнүн жана укук коргоо органдардын катарларындагы мамлекеттик кызматка кабыл алынышы жана көрсөтүлгөн кызматта болушу мүмкүн эмес болгон. Ошондуктан ага өзгөртүү киргизүү каралууда. 

Талкуунун жыйынтыгында комитет бул мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан