Өкмөт жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин жаш курагы 65 жаштан өйдө болбошун демилгеледи

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-июндагы жыйынында Билим берүү жана илим министрлиги билим берүүчү уюмдардагы илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкерлердин эмгек келишимдеринин минималдык мөөнөтүн белгилөөгө багытталган мыйзам долбоорун сунуштады.

Министр Эльвира Сариеванын айтымында, Эмгек кодексинде максималдуу мөөнөт 65 жаш деп белгиленген, ал эми минималдык мөөнөт белгиленген эмес, андыктан эмгек келишимдерин түзүүдө соттук териштирүүгө чейин жеткен ар кандай пикир келишпестиктер жолугууда. "Айрыкча мугалимдер жана окутуучулар менен эмгек келишимин түзүү курч маселе бойдон калууда. Кээ бир эмгек келишимдери 3 айдан 6 айга чейин гана түзүлүп, педагогикалык кызматкердин эмгек келишимине карама-каршы келген учурлар бар. Ошону менен катар педагогикалык кызматкердин эмгек процесси минималдык бир окуу жылына туура келерин белгилей кетүү зарыл. Долбоор менен түзүлгөн келишимге карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык жогорку окуу жайлардын жетекчилери үчүн максималдуу жаш курагы 65 жаштан өйдө болбошу керек",- деп түшүндүрдү Сариева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан