Каныбек Иманалиев: "Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал каралганда парламенттеги бардык депутаттар бир күчкө айландык"

Кыргыз мамлекетинин туруктуу, мыйзамдуу жана өнүгүүчү жолго түшүшүнө азыркы парламенттин салымы зор. Муну бүгүн, 16-июнда депутат Каныбек Иманалиевге шилтеме берүү менен Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Депутат аталган пикирин төмөнкү себептер менен негиздеди: 
"Биринчиден, парламент бийликтин үч бутагын түптөдү. Экинчиден, жаңы Конституциянын шартында конституциялык жүздөгөн мыйзамдар кабыл алынды. Жаңы Конституциянын духу кыргыз мамлекетинде өкүм сүрүп баштады. Үчүнчүдөн, 2010-2011-жылдары бир жылда болжол менен 1700 митинг өтсө, ошол митингге чыккандардын баары парламентке келчү. Чындыкты издеп Жогорку Сотко, Башкы прокуратурага, өкмөткө барчу эмес. Жогорку Кеңештин алдында өткөн ар бир митинг боюнча парламентте комиссия түзүлүп иштеп жатты. Төртүнчүдөн, кыргыз өлкөсү Орто Азия мамлекеттеринин ичинен эл аралык аянтчада чыныгы демократия жолунда парламенттик демократияга ык койгон өлкө катары тааныла алды".
Депутат парламент депутаттары өлкөдөгү олуттуу маселелерде жеке кызыкчылыктарын артка таштай турганын айтат. 
"Азыркы парламентти кандай сындаса да жарашат. Бирок сыймыктанчу нерсе – улуттук кызыкчылыкты койгон маселелерде 5 фракция бир пикирдебиз. Маселен, кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселе жабык каралганда биз бир күчкө айландык. Мындай парламенти, мындай саясий күчү бар өлкө өнүгүүгө татыктуу жана кийинки парламенттерге ушул салт болуп калганы туура",- дейт депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан