Парламент депутаттары Бишкектеги опера жана балет театрына “Жусуп Баласагын” операсын коюу демилгесин жактырышты

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырованын кайрылуусу каралды.

Кайрылууда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына “Жусуп Баласагын” операсын коюуга көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылган. Жыйында бул демилге комитет мүчөлөрү тарабынан колдоо тапты жана бул маселеге өкмөттүн көмөктөшүүсү белгиленди.

Эскерте кетсек, маданият ишмерлеринин депутат Мамыровага жазган кайрылуусунда “Жусуп Баласагын” операсы аталган театрдын Көркөм кеңеши жана Композиторлор бирлиги тарабынан жактырылып, сахнага коюуга сунуш кылынганы, каражат жоктугунан чыгарма коюлбай келгени айтылган.

2014-жылы Жогорку Кеңеш улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын өткөрүү боюнча токтом кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан