Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-июнда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге өзү башкарган мекеменин иши, пенсиялык камсыздоонун азыркы абалы тууралуу маалымат берди. Президенттик аппараттын билдиришинче, Абылгазиев пенсиялык камсыздоо системин реформалоо боюнча пландары менен бөлүштү.
Тараптар быйыл 1-сентябрдан баштап пенсиянын көлөмүн көбөйтүү механизмдерин талкуулашты. Президент пенсиялык камсыздоо системин реформалоо жарандарга карата адилеттүү жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.