Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-июндагы жыйынында Акыйкатчы институтунда Балдар укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктү түзүү демилгеси каралды. Талкуунун жүрүшүндө аталган институттун өкүлү мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, быйыл институтка 37 арыз түшүп, алардын баары боюнча иш жүргүзүлгөн. "Каттар тиешелүү мекемелерге жөнөтүлгөн. Ишти аягына чейин жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Мындан тышкары күнүгө жарандарга кеңеш берүү иштери жүргүзүлүп жатат",- деди өкүл.
Андан соң ал Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин айлыктары 7-8 миң сом экенин баса белгилеп, каржылоо маселесин чечип берүүнү депутаттардан суранды.