Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБге кирүү келишимин Беларусь парламенти жакында карай турганы айтылды

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 16-июнда Казакстанда Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлчүлүк палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушту. Жээнбеков кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу алкагында мамлекет ичиндеги бардык процедуралар бүткөнүн айтып, бул экономикалык жактан негизделген, терең ойлонулган кадам болгонун кошумчалады.

“ЕАЭБге кыргыз өлкөсүнүн кошулуусу жөнүндө келишимге кол коюлушу менен Кыргыз Республикасынын аталган биримдиктеги өлкөлөр, анын ичинде Беларусь менен соода-экономикалык байланыштарынын кеңейишине жана тереңдешине жол ачылат. ЕАЭБдеги биргелешкен аракеттер эки тараптуу өз ара байланышка оң таасирин тийгизерине үмүт артам”,- деп билдирди Жээнбеков. 

Спикер Беларустун Улуттук жыйынында тийиштүү документти ратификациялоону тездетүүгө чакырды. Андрейченко кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кошулушу боюнча келишимди ратификациялоо маселеси жеке көзөмөлүндө экенин айтты. “Биз кыргыз өлкөсүнүн аталган биримдикке кошулуу чечимин колдойбуз. Жакынкы аралыкта карап, келишимди ратификациялоого аракет кылабыз”,- деди Андрейченко. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан