Депутат Нурбек Касымбеков коомчулукта шайлоо кайсы күнү болору талкуу жаратканын айтты. "Мыйзам менен шайлоо күнүн белгилеш керек. Депутаттык мөөнөттү биринчи отурумдун күнүнөн баштап эсептегенибиз туура. Эгер азыркы чакырылыштын биринчи отуруму 2010-жылдын 10-ноябрында болсо, анын конституциялык мөөнөтү 2015-жылдын 10-ноябрында токтотулушу керек",- деп мисал келтирди Касымбеков.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров депутаттардын сунуштары менен макул болгон жок. Ал "депутаттардын мөөнөтү шайлоо күнүнөн тарта башталат" деген өз позициясын билдирди. "Бул маселени чечиш үчүн тиешелүү мыйзам кабыл алып, шайлоо күнүн айдын акыркы жекшембисине эмес, биринчи жекшемби күнүнө бекитүү керек. Ошондо 4-октябрда шайлоо өтөт",- деп айтты Бекбасаров.