Ооганстандагы кырдаал: "Орусия жана кыргыз өлкөсү баарына даяр болушу керек" деди Сергей Шойгу

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу бүгүн, 16-июнда кыргыз мамлекетинин коргоо министри Абибилла Кудайбердиев менен жолугушууда Орусиянын жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн Куралдуу күчтөрү Ооганстандагы кырдаалдын жагымсыз жагына өзгөрүп кетишине даяр болушу керектигин билдирди. "Аскердик тармакта кыргыз мамлекети менен мамиле түзүүнү приоритет катары карап жатабыз. Биздин кызматташтык Борбор Азия чөлкөмүндө туруктуулукту сактоодогу негизги факторлордун бири",- деди Шойгу. Кырдаалдын түрдүү багытка, мунун ичинде жагымсыз түргө өзгөрүп кетишине даяр болушу үчүн кыргыз армиясын бекемдөөгө Орусия көмөктөшөрүн кошумчалады Шойгу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан