Депутаттар сыртка ташылып жаткан баалуу кен байлыктарга экспорттук бажы алымын киргизүүнү демилгелешти

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 16-июндагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып чыгарылуучу (экспорттук) бажылык алымдардын ставкасын белгилөө жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда парламент кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.

Демилгечилердин бири, депутат Мирлан Бакировдун айтымында, баалуу металл кендерин чет өлкөгө ташып кетип иштетүү жылдан-жылга күчөп бара жатат, ошондуктан аларга бажы алымын киргизип, мамлекеттик казынаны толтуруу зарыл. “2014-жылы Казакстан менен Кытайга чыгарылып кеткен алтын кендеринин көлөмү 4 миң тоннадан ашты. Биз 2015-жылы 15 пайыз бажы алымын киргизүүнү, ал эми 2016-жылы аны 20 пайызга чейин көтөрүүнү сунуш кылдык. Бул мыйзам кабыл алынса, бюджетке жылына 400 миллион сомго чейин кошумча каражат түшө баштайт”,- дейт депутат.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 2016-жылдын 1-январынан тарта күчүнө киргизүүнү туура көрүштү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан