Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилигине Мирлан Самыйкожо дайындалды. Маалыматка караганда, тийиштүү буйрукка министр А.Максүтов кол койгон. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.
Самыйкожо
уулу Мирлан – акын. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо
айылында 1984-жылы 19-майда туулган. 2001-жылы Жоробек Сатылганов атындагы орто
мектепти аяктаган. 2007-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык
университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. 2002-жылы
чыгармачыл жаштардын “Нур борбор” коомдук бирикмесине мүчө болуп, 2003-жылы
аталган бирикменин проза ийриминин жетекчиси болгон. Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун жаштар секциясынын башчысы.