Турсунбай Бакир уулу Кореяга кетип жаткан кыз-келиндер арбып бараткандыгын айтып тынчсызданды

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде “Киши сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөш” тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы боюнча байкоонун жана талдоонун жыйынтыгы жөнүндөгү маселе каралды.

Бул боюнча баяндама жасаган депутат Ыргал Кадыралиеванын айтымында, 2012-жылдан тартып ушул күнгө чейин киши сатуу фактысы боюнча Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан КРнын Кылмыш кодексинин 124-беренеси боюнча бир дагы кылмыш иши козголгон эмес.

“Киши сатууга каршы күрөш боюнча эл аралык бир дагы келишим түзүлгөн жок. Ошондой эле чек ара тармагында киши сатууга каршы алектене турган бир дагы бөлүм иш алып барбайт. Чек арачылар материалдарды улуттук коопсуздук кызматтарына өткөрүп бергени эле болбосо, эч кандай деле укуктарга ээ эмес”,- дейт депутат айым.

Депутат Турсунбай Бакир уулу болсо кыргыз мамлекетинен Кореяга кетип жаткан кыз-келиндер арбып бараткандыгын айтып тынчсызданды. Депутат алардын басымдуу бөлүгү 70-80 жаштагы чалдарга башы байланып, балалуу болгондон кийин көчөдө калып жатышканын да мисал кылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан