Ош шаарында бүгүн, 16-июнда жаңы эс алуу борборунун ачылышы болуп өттү. Ага шаардын вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңештин депутаттары, спортчулар жана жаштар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Замир Аскаров эс алуу жайларынын ачылышы шаардын инфраструктурасын өнүктүрүп, маданий жана экономикалык жактан өсүшүнө өбөлгө түзөрүн айтты.
Эс алуу борборунун аянты 2 гектар, анда бассейн, бар, чайкана, пейнтбол ойной турган аянтча, кум жээкте ойнолуучу волейбол аянты бар.