Эл аралык олимпиадалык комитеттин президенти Алмазбек Атамбаевге Эл аралык олимпиадалык комитеттин Пьер Де Кубертен атындагы медалын тапшырды

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Эл аралык олимпиадалык комитеттин президенти Томас Бахты жана Улуттук олимпиадалык комитеттер ассоциациясынын жана Азиянын олимпиадалык кеңешинин президенти шейх Ахмад аль-Сабахты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы 16-июнда билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз өлкөсүндө спорттун олимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүү маселелери, Улуттук Олимпиада комитети менен Эл аралык Олимпиада комитетинин, ошондой эле Улуттук олимпиадалык комитеттер ассоциациясынын ортосундагы мындан аркы кызматташуусунун приоритеттери талкууланды.

Алмазбек Атамбаев улуттун ден соолугун чыңдоодогу жана дени сак муунду тарбиялоодогу спорттун маанисин баса белгиледи. “Кыргыз мамлекетинде, айрыкча жаштар арасында спортко кызыгуу өсүп баратканы, спорттун массалык түрлөрү кеңири жайылтылып жатканы кубандырат. Бул мамлекетке жана коомго абдан маанилүү жана керектүү”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы өлкөдө спортту өнүктүрүүгө, спортчулардын жана машыктыруучулардын курамынын чеберчилигин өстүрүүгө, спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө ар дайым колдоо жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн Томас Бахка жана Ахмад аль-Сабахка ыраазычылык билдирди.

Эл аралык олимпиадалык комитеттин президенти Томас Бах Атамбаевге Эл аралык олимпиадалык комитеттин Пьер Де Кубертен атындагы медалын тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан