Асылбек Жээнбеков Казакстандын премьер-министри менен ЕАЭБдин алкагында кызматташууну талкуулады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында 16-июнда Астана шаарында Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

Тараптар өлкөлөр ортосундагы карым-катыш, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кызматташууну талкуулашты.

Мамлекеттер аралык мамиле жыл өткөн сайын өнүгүп баратканын айткан Жээнбеков Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) алкагында кызматташуунун жаңы барагы ачылганын белгиледи. Төрага Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулуу боюнча ички процедураларды аяктаганын, аталган бирликке кирүү боюнча келишимди ратификациядан өткөрүүгө байланышкан документтерди Казакстан өкмөтүнөн тезирээк өткөрүп, парламентке жөнөтүүгө үндөдү.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан