Владимир Путин кыргыз жарандары үчүн Орусияда 30 күн каттоосуз жүрүүгө мүмкүнчүлүк бергени жатат

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын Федералдык миграция кызматына миграциялык тартипти жеңилдетүү боюнча Кыргыз Республикасы менен келишимге кол коюуну тапшырды. Бул тууралуу кечээ, 16-июнда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Аталган келишимдин долбооруна ылайык, Орусияга келген кыргыз жарандары 30 күн ичинде каттоодон өтүү милдетинен бошотулат. Ошондой эле Орусия жарандары да Кыргыз Республикасынын аймагында 30 күн каттоосуз жүрө алышат. Бул мөөнөт бир мамлекеттин жараны башка мамлекетке келген күндөн тарта эсептелип баштайт. Буга чейин Орусия ушундай келишимдерди Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер (Беларусь, Казакстан, Армения) менен бекиткен.

2015-жылдын апрель айына карата Орусиянын аймагында 11 миллион чет өлкөлүк жаран катталган. Алардын көбү Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргыз Республикасынын жарандары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан