Темир Сариев Грузиянын премьер-министрине көңүл айтты

16-июнда өкмөт башчы Темир Сариев Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвилиге Тбилиси шаарындагы адам өмүрүн алган селге байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Көңүл айтуу телеграммасында Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүнүн атынан табигый кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандарга тезинен сакайып кетүүнү каалады.

Эске салсак, 13-июнь күнү Грузиянын борбор калаасы Тбилисиде катуу жааган жамгырдан Вере аттуу ири дарыя ташкындаган. Андан каза болгондордун саны 10дон ашса, 20дан ашуун адам дайынсыз болууда. Ошондой эле шаардагы зоопарк да талкаланган. Андагы жапайы жаныбарлар качып кетип, айрымдары кайра кармалып, айрымдары атылып өлтүрүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jetinur90
2015-06-17 11:19:28
Сырттан карап сындоо оной. Кудай сактасын бизди андай алааматтан. Табаа эмес эмес тообо кылдым. Бирок кудайдын каары чектен ашкан жердин калкы онолсун учун эскертуу иретинде берилет. Жаныбарлар жалко,куноо биз-адамдардан..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан