Өкмөт үйүндө чылым чегүүгө тыюу салуу боюнча жарлыкка өкмөт аппаратынын башчысы Нурханбек Момуналиев кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн имаратынын сыртында чылым чегүүгө уруксат берилген жайлар белгиленет. Аталган тыюуну бузган кызматкерлер административдик жоопкерчиликке тартылат. Мындан тышкары министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин имараттарында чылым чегүүгө тыюу сала турган буйруктарды чыгаруу милдети тапшырылды.
Айта кетсек, өкмөттүн 12-июндагы жыйынында премьер-министр Темир Сариев чиновниктерди коомдук жайларда чылым чекпей, үлгү болууга чакырган.