"Дарыгерлердин шалаакылыгынан эгиз балдарыбыздан айрылдык, келинчегим оорулуу болуп калды" деген Исманалы Муратов каза болду

Тагдырында оор сыноолорго кабылганын айтып, "дарыгерлердин шалаакылыгынан эгиз балдарыбыздан айрылдык, келинчегим оорулуу болуп калды" деген Исманалы Муратов кечээ, 16-июнда узакка созулган оорудан улам 26 жашында көз жумду. Май айында анын бооруна Индияда ийгиликтүү операция жасалып, ал кайра Бишкекке келген эле.

И.Муратов "Супер-Инфо" гезитине ушул жылдын январь айында берген маегинде: "2011-жылы боорум ооруганынан текшерилсем, альвеококкоз (булганыч агын суулардан, мышык, келемиштен жуккан боордогу курт) деген дартка чалдыкканым белгилүү болгон. 2012-жылы мага дарыгерлер операция жасап, боорумдун оӊ тарабын жана өтүмдү алып салышкан. Оорумдун айынан күнү-түнү дары ичип, укол алып жүрдүм. Ошол убакта "мунун аз эле өмүрү калыптыр" деген кепти уккан адамдар мага чочулоо менен мамиле кылып калышкан",- деп билдирген.

Исманалы Муратов өлкөдөгү радиолордун биринде эмгектенип келген. Анын операциясына керектелүүчү каражатты достору жер-жерлерде кайрымдуулук акцияларын өткөрүп чогултушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Gulsara_1986
2015-06-17 10:47:31
Жаткан жери жайлуу болсун, жаны жаннатта болсун!
+9
Chayan555
2015-06-17 11:09:18
Иии байкуш бир туугандарына сабыр берсин артында туяк калса жакшы болмок эх тагдыр(((.
+6
aika1405
2015-06-17 11:41:32
Жайы жаннаттан болсун!Ата эне,бир тууган,келинчегине сабыр берсин.
+3
Jikos
2015-06-17 11:47:42
Жашоо учун курошту, кайра бала, эч соз айта албадым, бейишин берсин.................
+4
suiuktuujar
2015-06-17 11:52:45
Журок ооруйтурган кабарго жаткан жери жайлуу болсун орозонун алдында алып кетиптирда барган жери бейиш болсун жакындарына сабырдуулук тилейм.
+3
Shaa-82
2015-06-17 12:16:35
Жаткан жери жайлуу болсун!калган омурун балдарына берген болсун!
0
aikol87
2015-06-17 18:30:29
Shaa-82, балалуу болушпаган.
0
warsaw.
2015-06-17 12:59:19
эх кандай гана оор тагдыр,мындай тагдырды душманыңа да каалабайсың,кудайдын буйругу өлүм ак пенденин колунан эчнерсе келбейт экен.
Келинчеги сакайып кетсин эми,ата-энесине жана тууган уруктарына досторуна сабыр берсин.
Жайың жаннаттан болсун.
+2
ALSU2010
2015-06-17 13:22:21
Жаткан жери жайлуу болсун!!!!!!!!эн окунучтуу...баары бир Ажал улук экен....келинчегине сабыр....
+3
Aksy-13
2015-06-17 13:36:13
жаткан жери жайлуу болсун жакындарына жана аялына сабыр тилейм!
+2
sezimay
2015-06-17 15:01:04
жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
+2
Uli6886
2015-06-17 16:54:38
Омур кыска экен атттин. Ар бир адам олумдун дааамын татуучу зат-деп бекеринен айтылбайтда! эх чиркин артында туяк калбаганы ичимди жаман тызылдатты((((
+2
Mushker2013
2015-06-17 20:14:35
Ээх...тагдыр...Жаткан жерин жайлуу болсун!
0
Rasul_Rahmanaliev
2015-06-17 21:36:07
баарыбыз отобуз..оору сыркоодон алыс болуу учун гигиенаны сактайлы..Жаткан жери жайлуу болсун,аллахым сурагын женилинен берсин!
0
Batu12
2015-06-18 03:55:22
Жайы жаннаттан болсун
0
fea1990
2015-06-18 10:11:11
Жакшы кундордо отуптур жайы жаннатта болсун....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан