Жогорку Кеңеште 2014-жыл үчүн Кыйноонун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук борборунун директору Бакыт Рысбековдун жылдык баяндамасы угулду.
Рысбековдун айтканына караганда, улуттук мыйзамдардын эл аралык стандарттарга толук жооп бербей жатышы иштин жүрүшүндө бир катар кыйынчылыктарды жаратууда. Ошого карабастан, 2014-жылы борбордо жарандардын 220 арызы каралып, анын негизинде Башкы прокуратура тарабынан 49 кылмыш иши козголуп, 8 иш сотко өткөрүлүп берилди.
2014-жылдын март айынан баштап аталган борбор тарабынан эркиндикти чектөө жайларына 530 күтүүсүз рейд уюштурулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө жайы, түзөтүү колониялары, балдардын жатак жайлары жана психикалык мекемелер текшерилип, анда отурган 2693 адам менен маек жүргүзүлгөн. Кыйноо менен адамгерчиликсиз мамиле көбүнчө жабык мекемелерде колдонулат.
2008-жылдан 2015-жылга чейин БУУнун Адам укуктары боюнча комитети тарабынан кыргыз өлкөсүнөн барган 11 арыз каралган. Анын ичинен 10 арыз боюнча кыйноодон бошотууга калыс соттук териштирүүгө карата укуктар бузулганын тааныган чечим чыгарылганы белгилүү болду. "Дүйнөлүк коомчулукта кыйноонун жана адамгерчиликсиз мамиленин алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасы түзгөн модель үлгү катары каралууда",- дейт борбордун директору.