Жогорку Кеңештин 17-июндагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Демилгечи депутат Замир Бекбоевдин айтымында, бул долбоор 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилинде республиканын калкын жана экономиканын тармактарын электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында иштелип чыкты. Мындан тышкары аталган мыйзам долбоорунда өлкө аймагына импорттолуучу электр энергияны кошумча нарк салыктан бошотуу каралганын баса белгиледи.
Талкууда бир топ депутаттар долбоорду колдошорун айтышты. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.