17-июнда Жогорку Кеңеште социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо ишин өркүндөтүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Депутат Эркин Сакебаевдин айтымында, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында КРнын жарандарын жекече эсепке алуу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “КРнын Социалдык фонду жөнүндө” мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү милдети турат.
Социалдык фонддун берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планынын алкагында иштелип чыккан. Ага ылайык, Социалдык фонддун камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу милдети башка мамлекеттик органга жүктөлөт, ал орган өкмөт тарабынан аныкталууга тийиш.
Ал эми Экономика министрлигинин өкүлү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планына ылайык, пилоттук долбоордун алкагында камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Мамлекеттик салык кызматы аныкталып жатканын айтты.
Бул пилоттук долбоорду ишке ашыруу Бишкек шаарынын Октябрь районунун жана Чүй облусунун Сокулук районунун салык органдарында жүргүзүлөт.