Кыргыз мамлекети-Австралия футболдук беттешине кире албай калган күйөрмандардын маселесин премьер-министр Темир Сариев териштирет. Учурда өкмөт башчы Дене тарбия жана спорт агенттигинин жана Футбол федерациясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүүнү пландап жатканын өкмөттөн кабарлашты.
Эскерте кетсек, аталган оюнга кирүүгө билет сатып алышып, бирок стадионго кире албай калган миңдеген күйөрмандар болду. Алардын арасында нааразычылык жаралып, айрымдары уюштуруучуларды сотко берүү ойлорун да айтышууда.
Темир Сариев мындай жагымсыз кырдаалдын түзүлүшүнө жол берген тийиштүү адамдардын жоопкерчилигин кароону Ички иштер министрлигине, Дене тарбия жана спорт агенттигине жана Футбол федерациясына тапшырды.